Кыргызгидромет бул аптада өлкө аймагында күн жылып, жаан-чачын жаабай турганын маалымдады. Жума ичи Чүй менен Таласта жаан-чачын болбой турганы божомолдонду.
Синоптиктер абанын температурасы 15...17 градуска чейин көтөрүлөрүн айтууда. Ал эми республиканын түштүк региондорунда дагы 16-ноябрга чейин күн ачык болору, аймактарда күн 18 градуска чейин жылый турганы маалымдалды. Ысык-Көлдө болсо, 10-ноябрдан 13-ноябрга чейинки аралыкта айрым жерлерде жамгыр жаап, калган күндөрү жаан-чачын болбой турганы айтылды. Нарында бул жумада күн ачык болору синоптиктер тарабынан кабарланды.