Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн спорттук аренанын ачылыш аземине катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекет башчысы объектиге жаңы символикалык – «Жаштык» аталышын ыйгарууну сунуштады.
Буга чейин арена Дөлөн Өмүрзаковдун ысымын алып жүргөн.
Спорт комплекс 5 000 көрүүчүгө ылайыкталып, Бишкек шаарынын Биринчи май районунда жайгашкан.
Имараттын жалпы аянты 15 342 чарчы метрди түзөт. Бул жертөлөсү бар үч кабаттуу курулуш.
Жертөлөдө унаа токтотуучу жай, техникалык бөлмөлөр, электр калканы жана жылуулук түйүндөрү каралган.
Биринчи кабатта машыгуу залы, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, жуунучу бөлмө, медициналык пункт жана конференц-зал жайгашкан.
Экинчи кабатта фуд-корт, кампалар, санитардык жана техникалык бөлмөлөр, ошондой эле көрүүчүлөр трибунасы жайгашкан.
Үчүнчү кабатта VIP-зал жана көрүүчүлөр үчүн кошумча орундар бар.
Спорттук арена эл аралык стандарттарга ылайык курулган жана көп функционалдуу объект болуп саналат. Бул жерде спорттук мелдештерди гана эмес, эл аралык турнирлерди, концерттерди жана маданий-массалык иш-чараларды да өткөрүүгө болот.
Мамлекет башчысы футбол тобуна кол коюп, аны келечек муунга символикалык түрдө тапшырды.
Андан соң Садыр Жапаров комплекстин инфраструктурасы менен таанышып, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрдү, машыгуу залдарын көрүп чыкты, ошондой эле "Кыялымдагы Кыргызстан" улуттук жаштар форумуна арналган концерттик программага катышты.
Форумдун жүрүшүндө жаштардын өкүлдөрү, алардын лидерлери, жаш ишкерлер, атактуу спортчулар жана дүйнөлүк алдыңкы окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү демилгелери менен чыгып, өз идеялары жана өлкөнүн келечеги тууралуу көз караштары менен бөлүшүштү.
Алар коомду өнүктүрүүгө, инновацияларды киргизүүгө жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө активдүү катышууга даяр экендиктерин билдиришти.
Иш-чаранын соңунда Президент Садыр Жапаров спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өлкөдө теннис спортун жайылтууга багытталган заманбап теннис аянтчаларын куруу боюнча инвестициялык долбоор менен таанышты.