Боом капчыгайындагы “Бишкек-Нарын-Торугарт” унаа жолунун 120-чакырымында тоо бетиндеги таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Тазалоо иштери 3-октябрдан 7-октябрга чейин эртең мененки тогуздан үчкө чейин жүрөт.
Таштарды кулатуу жумуштары унаа каттамына олуттуу коркунуч жаратышы мүмкүн. Ошондуктан жолдор маал-маалы менен жабылып турат. Эгер жолго көп сандагы унаа чогулуп кала турган болсо, таштарды кулатуу иштери бир азга токтотулуп, автоунаалар кезек-кезеги менен өткөрүлүп турат.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118