Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы өлкөдө төрөлгөндөр тездик менен азайып жаткандыктан, аялдарга аборт кылууга жарым-жартылай тыюу салынганын жарыялады. Активисттер менен укук коргоочулар мындай чектөө миллиондогон аялдарга зыян келтирет деп эсептешет.
Акыркы он жылдыкта калктын тез өсүшү менен күрөшүп келген Кытайда азыр төрөт көрсөткүчү болуп көрбөгөндөй төмөн деңгээлге жетти. Кытайдын калкы улгайып баратат, ал эми өкмөт бул тенденцияны жокко чыгаруу үчүн кескин чараларды көрүүдө.
Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин сунушуна ылайык, эми кош бойлуулукту медициналык себептерден улам гана токтотууга мүмкүн болот. Ошондой эле Кытай бийлиги энелерге социалдык жардамды кеңейтүүнү жана тукумсуздукту дарылоону жеткиликтүү кылууну айтууда.
Улуттук комиссия жаңы чара “калктын узак мөөнөттүү жана тең салмактуу өнүгүүсүнө” шарт түзөт деп эсептейт.
Кытайда быйыл он млнго аз бала төрөлөт деп күтүлүүдө (өткөн жылы Кытайда 10,6 млн бала төрөлдү, бул эки жыл мурункуга салыштырмалуу 11,5% аз).
БУУнун божомолу боюнча, 2023-жылы Индия Кытайдан ашып, дүйнөдөгү калкы эң көп өлкө болуп калат.
Гуттмахер институтунун* маалыматы боюнча, ушул убакка чейин Кытай аборттордун саны боюнча дүйнөлүк лидерлердин бири болуп келген. Институттун маалыматы боюнча, Кытайда пландаштырылбаган кош бойлуулуктун болжол менен 78% аборт менен аяктайт (орточо дүйнөлүк көрсөткүч 61%).
Кытай бийлигинин маалыматы боюнча, 2015-2019-жылдар аралыгында Кытайда жылына орто эсеп менен 9,5 млн аборт жасалган. Анткен менен Гутмахер институтунун эсептөөлөрү боюнча ошол эле убакытта жыл сайын 17,7 млн аборт жасалып келген.
Мындан сырткары, Кытай эркек балдарга болгон маданий артыкчылыктан улам олуттуу гендердик дисбаланска дуушар болду: өткөн жылы өлкөдө эркектер аялдарга караганда 37 миллионго көп болду.
Кытайда төрөлүү көрсөткүчүнүн төмөндөшү калктын демографиялык картайышына алып келди. БУУнун Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин маалыматы боюнча, 2025-жылга карата Кытайдын калкы азая баштайт.
1980-жылдан 2015-жылга чейин Кытайда “бир үй-бүлө - бир бала” саясаты болгон. 2016-жылы Кытай Элдик Республикасынын (КЭР) бийлиги үй-бүлөлөргө эки балалуу, беш жылдан кийин үч балалуу болууга уруксат берген.
Жаңы колдонмо дагы эмнелерди берет?
Төрөттү жогорулатуу боюнча жаңы саясаттын алкагында бийлик аялдар үчүн медициналык камсыздандырууну жакшыртууну, декреттик өргүүлөрдү көбөйтүүнү, ошондой эле үчүнчү жана андан кийинки балага кошумча каражат бөлүүнү убада кылууда.
Саламаттыкты сактоо кызматкерлери көмөкчү репродуктивдүү технологияны улуттук медицина системасына киргизүүнү пландаштырууда. “ЭКО” сыяктуу технологиялар, адатта, Кытайда абдан кымбат жана турмушка чыга элек аялдар үчүн жеткиликтүү эмес.
Укук коргоочулар бойдон алдырууга тыюу салуу миллиондогон аялдарга терс таасирин тийгизет деп эсептешет.
"Сөз аялдардын репродуктивдүү укуктарын жана дене автономиясын бузуу тууралуу, - дейт Amnesty International уюмунун КЭР боюнча адиси Алкан Акад. - Бирөөнү өз эркине каршы, кандайдыр бир себеп менен бала төрөөгө мажбурлоо - адамдын түздөн-түз укугун бузуу болуп саналат".
"Кытай бийлиги адамдардын жашоосун сыйлап, алардын сексуалдык жана репродуктивдүү укуктарына