"Глобалдык долбоорлор" кеңешинин кезектеги жыйын өтүүдө
Новость

Бишкекте "Глобалдык долбоорлор" кеңешинин кезектеги жыйын өтүүдө. Кыргызстан эл аралык миграция уюуман мүчө өлкө катары аталган уюмга кирген 8 мамлекеттен келген миграция жаатындагы иштеген өкүлдөргө өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясына миграция саясатындагы жоболордун киргизилиши, кийинки жылы кабыл алына  турган улуттук стратегиянын экинчи документине киргизиле турган олуттуу көйгөйлөр кайсыл багытта өңүт алары тууралуу маалыматтарды берет. 

Мындан тышкары, уюмга мүчө өлкөлөр миграция көйгөйүнүн чечүү багытында жүргүзүлүп жаткан  натыйжалуу жумуштар боюнча тажрыйба алмашышы тургандыгын президенттик аппараттын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнөн билдиришти. 


Гүлжан Каражанова