КТРК эл аралык карылар күнүнө карата ардагерлерин куттуктады
Новость KTRK/videograp

Коомдук биринчи канал эл аралык карылар күнүнө карата каналдын ардагерлерин куттуктады. Иш-чарада майрамдык дасторкон уюштурулуп, андан сырткары акчалай сыйлыктар каралган. 

Бүгүнкү күндө убагында КТРКда ак эмгек кылып ардактуу эс алууга чыккан 200дөй ардагер бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ден соолугуна байланыштуу иш-чарага катыша алган жок. 

Белгилей кетсек, эл аралык карылар күнү БУУнун Башкы Ассамблеясынын 41-сессиясында кабыл алынып, 1991-жылдан бери белгиленип келет.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118