Кыргызстанда акыркы төрт жылдан бери эксперимент катары айдалып келген квиноа өсүмдүгүнүн түшүмү жыйналып баштады. Аталган өсүмдүктү Ысык-Көлдүк дыйкандар биринчилерден болуп айдап көрүп, андан түшкөн пайда башка өсүмдүктөрдөргө салыштырмалуу алда канча көп түшөт деп эсептешүүдө. РАС:Себеби түшүм мол болсо, аны Европа өлкөлөрүнө кымбат баада экспортко чыгарууга болот. Белгилей кетсек, квиноанын бир килограммы 900 сомдон кем эмес турат. Дыйканчылыктын жаңы сырлары менен Эдил Мелисбек таанышып кайтты.
Азамат Тоң жергесинде төрт жылдан бери Түштүк Америкадан келген квиноа өсүмдүгүн өзүнүн үлүш жерине айдап келет. Анын айтымында Кыргызстандын башка аймактарына караганда Ысык-Көлдүн абасы ага ылайык келет. Деңиз деңгээлинен 3 миң метр бийиктикте өсүп келген данды Кыргызстанда да өстүрсө болоору акыркы төрт жылдан бери аныкталды. Бирок быйылкы түшүмгө дыйкан ыраазы эместей. Себеби быйылкы жаан-чачындуу болуп түшүмгө кедергисин тийгизген.
Бүл өсүмдүк кадимки эле таруунун бир түрү деп койсок болот. Бул дан көп тамак ашка кошулуп, пайдалуу жактары көп экенин илимпоздор аныкташкан. Буга Европа өлкөлөрүндө, өзгөчө Германияда суроо талап көп. Андыктан Тоңдук дыйкандын эмгегин көрүп билүү үчүн алыс жакындан көп дыйкандар чогулуп, аны өстүрүүдөгү жана түшүмүн жыйноодогу тажыйырбаларын экинчи ирээт жеринен угуп көрүштү.Белгилей кетсек өсүмдүктүн үч түрү азыр Нарын жана Ысык-Көлдө жалпысынан 12 гектар жерге себилген.
Азыр 7 гана өлкөдө өстүрүлүп келген квиноанын Кыргызстанда келечеги чоң. Себеби бийик тоолуу аймактын аба-ырайы бул өсүмдүк үчүн өтө ылайыктуу келет. Квиноадан кадимки ботко, салаттын түрүн жасап, күнүмдүк тамак-ашка да кошсо болот. Азырынча аздан гана айдалган дан келечекте Кыргызстандын баардык аймактарында өстүрүлүп, дыйкандарга чоң киреше алып келет деген үмүт чоң
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118