Дыйкандарга "Айыл чарбасын каржылоо" долбоору аркылуу 3,5 миллиард сомго жакын насыя берилди
Новость KTRK/videograp

"Айыл чарбасын каржылоо" долбоору аркылуу дээрлик 3,5 миллиард сомдой насыя берилди. Жеңилдетилген шартта кредитти 6 миң 700дөн ашуун дыйкан, фермерлер алышкан. Каражат айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана кайра иштетүүгө жумшалууда.