Жалал-Абад, Ош, жана Баткен облустарын кондитер таттуулар менен камсыз кылган чакан цех
Новость www

Ар бир ишкерликтин өзүнө жараша кыйынчылыгы болот.

Максатка жетүү үчүн талыкпай аракеттенип, көздөгөнүн орундаткан ишкер гана эмгегинин үзүрүн көрөт. 

Жалал-Абаддык Жибек Нуруева баштаган ишкерлигинин баардык түйшүгүн тартып, ушул күндө киреше булагын тыңдап, кыз-келиндерди жумуш менен камсыздаган. Жибек айым кондитер таттууларын башында үй шартында жасап жүрүп, кийинчерээк ижарага алган имараттарда иштеген. Азыр эми заманбап атайын имарат куруп, цехте продукциянын 5 түрүн чыгарууда. 25 адамга иш орун түзгөн ишкер, өндүргөн продукциясын Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусуна чейин сатат.