Баткенде биоорганикалык өрүктү өндүрүү өрүш алууда
Новость KTRK/videograp

Баткенде биоорганикалык өрүктү өндүрүү өрүш алууда. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп Кыргызстанда башталган бул ыкма мөмө-жемиштерди өндүргөн фермерлер арасында кеңири жайылууда. 

Баткен шаарында 2010-жылдан тарта органикалык өрүктү өндүргөн фермер Турсунали Төлөмүшев Баткен өрүгүн эл аралык базарга алып чыгуу аракетин баштаган. 

Мөмө-жемиштерди химикатсыз өндүрүү жана аны жайылтуу дүйнө элдериндеги рак, семирүү, кан басымдын жогорулашы сыяктуу оорулардын алдын алат. Учурда Баткен элинин 90% дан ашууну өрүктү алтын күкүрт менен ыштап кургатат. 

Бул ыкманын да оң жактары бар. Бирок дүйнөлүк базарда органикалык мөмө-жемиштер өтүмдүү. Учурда Баткендик фермерлер даярдаган органикалык өрүк мөмөсүнө чет элдик кесиптештери кызыга баштады.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118