Ошто кыргыз күрөш боюнча Эл аралык турнир башталды
Новость

Ош шаарында кыргыз күрөш боюнча Эл аралык турнир башталды. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, мелдешке Кыргызстандын жети дубанынан, Бишкек, Ош шаарларынан жана Өзбекстандан жалпы 150 спортчу катышып жатат.

Иш-чараны Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети, Ош шаарынын жана облусунун кыргыз күрөш федерациясы уюштурган. Мелдештин жеңүүчүлөрү уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер, акчалай сыйлыктар менен сыйланат.