УКМКнын Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары кызматынан бошотулду
Новость www

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, УКМКга караштуу Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары – Башкы штабдын начальниги Курсанбек Бекташов ээлеген кызматынан бошотулду. 

Мамлекет башчысы кол койгон дагы бир тескемеге ылайык Марат Маралбаев УКМКнын Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары - Башкы штабдын начальниги болуп дайындалды.