Таласта алгачкы аллеянын курулушу башталды
Новость

Талас шаарында жаңы коомдук эс алуу жайы — К. Нуржанов атындагы аллеянын курулушу башталганын Талас облусунун башчысы Эрмат Джумаев билдирди. 

Анын айтымында, адамдар эс алуучу мындай жай Талас шаарында биринчи жолу курулууда. Жаңы аллея аймактын көркүнө көрк кошуп гана тим болбостон, келечек муундар үчүн ынтымактын, өнүгүүнүн жана биримдиктин символу болору күтүлүүдө.

Аллеянын курулушун 2026-жылдын июль айында бүткөрүү пландалган. Ушул тапта аллеянын эки тарабына жөө адамдар басуучу тротуарларды куруу иштери жүрүп жатат.

Талас облусунда ишке ашып жаткан ири социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун бардыгы мамлекет башчысы Президент Садыр Жапаровдун бекем колдоосунун негизинде ишке ашырылып жатат.