Айтматов проспектисинде унаа кыймылына коюлган түнкү чектөө алынды
Новость

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисинде унаа кыймылына коюлган түнкү чектөө алынганын Бишкек мэриясынан кабарлашты. 

Маалыматка караганда, 11-сентябрдан тарта аталган көчөдө саат 22:00дөн кийин унаалардын кыймылына чектөө киргизилбейт.

Мындай чечим шаардыктар жана айдоочулар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатуу, ошондой эле жол агымын жөнгө салуу максатында кабыл алынды.

Ушул күндөн тарта проспект унаа кыймылы үчүн күнү-түнү ачык болот.

Быйыл жайында капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин кайра ачылган Айтматов көчөсүнүн жогорку бөлүгү элдин сейилдөөсү үчүн кечки ондон тарта унаа кыймылы үчүн жабылып келген.