Талас шаары күз-кыш мезгилине даяр
Новость

Талас шаардык мэриясы тарабынан “Талас жылуулук менен камсыздоо” муниципалдык ишканасынын күз-кыз мезгилине карата даярдыгы текширилди. 

Жылуулук ишканасынын карамагында 8 откана бар. Алардын бирөөсү мазут отуну менен жылытса калган 7 откана көмүр отуну менен жылытат.  Мындан тышкары, дагы бир отканада курулуш иштери аяктап, жабдууларды орнотуу жүрүп жатат.

“Талас жылуулук менен камсыздоо” муниципалдык ишканасы аркылуу Талас шаары боюнча 1458 абонент жылуулук менен камсыз болот.  Алардын 1363 – турак жай абоненттери, 13 – социалдык оъектилер, 82 – коммерциялык объектилер. 

Ошондой эле өткөн жылдан бери борбордук жылуулук системасына 61 жаңы абонент кошулган. Алардын катарында бир бала бакча, бир кызматтык үй жана 59 турак жай абоненти бар.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен отканалар күз-кыш мезгиле толук даяр экендиги белгилүү болду.