Бүгүн билим күнү
Новость Дана Абдыбекова

Бүгүн, 1-сентябрь Кыргызстанда билим күнү. Өлкөдө бардыгы болуп, 2 миң 200дөн ашуун жалпы билим берүүчү мектепте жаңы окуу жылы башталды. Расмий маалыматтар боюнча 1 миллион 91 миң 260 бала бүгүн мектеп партасына отурат. 

Анын ичинен жүз миңден ашууну алгачкы жолу мектеп босогосун аттап жатышат. Жаш жеткинчектерге 29 116 мугалим сабак берет. Жаңы окуу жылына 98 мектеп толук оңдоп-түзөөдөн өттү. Дагы 28 мектептин капиталдык ремонту жыл аягына чейин бүтөт. Быйыл мектептер окуу китептери менен 79 пайыз жабдылган.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118