Садыр Жапаров Бишкектин Жер-Ынтымак конушунун тургундары менен жолугушту
Новость www

Бишкектин Жер-Ынтымак конушунун тургундары жер тилкелерин мыйзамдаштырууну бийликтен өтүнүшүүдө. Бүгүнкү күндө аталган конушта бардык шарттар бар. Бирок, жол салынып, суу киргизилгени менен кызыл китептери жок. Мындан улам жашоочулар башкалар сыяктуу мамлекеттик кызматтарды ала албай келишет. Алар менен Президент Садыр Жапаров жолугуп, маселе изилденген соң тийиштүү чечим кабыл алынарын айтты.