Кыргызстан "Мегаком" иши боюнча эл аралык сотто утту
Новость

Кыргызстан эл аралык арбитраждык сотто "Мегаком" уюлдук операторуна байланыштуу ишти утту. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, 2017-жылдан бери Британиянын Виргин аралдарында катталган "Пенвелл Лимитед" компаниясы Кыргызстанга каршы арбитраждык иш козгоп, 298 млн доллар өндүрүүнү талап кылып келген.