Бишкекте абоненттердин электр энергияга карызы 12 млн сомдон ашты
Новость www

"Түндүк электр" ишканасы абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат. 16-ноябрдан тарта Бишкек шаарындагы дебитордук карызы боюнча 4600дөн ашык абонент аралыктан өчүрүлөт. 

Бишкекте абоненттердин жалпы дебитордук карызы 12 миллион сомдон ашат. Белгилей кетсек, жарандар төлөмдөрүн "1209" кыска номуру аркылуу күнү-түнү иштеген байланыш борборуна чалып же 0551 00 12 09 номеринен WhatsApp аркылуу билдирүү алса болот.