Айсулуу Тыныбекова америкалык спортчу кыздарга күрөштүн ыкмаларын үйрөттү
Новость www

Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова америкалык спортчу кыздарга күрөштүн ыкмаларын үйрөттү. Бул тууралуу спортчу өзүнүн инстаграмдагы баракчасына билдирүү калтырды. 

“АКШда Wrestle like a girl уюму менен бирге жаш спортчуларга алгачкы мастер-класс өткөрдүм. Ачыгын айтканда, аябай толкундандым, бирок бул жактагы кыздар мени жылуу жана колдоо менен кабыл алды. Өз потенциалдарын көрсөтүп, жогорку жетишкендиктерге жетүүсүн каалайм”, - деп калтырган Тыныбекова. 

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынып, дүйнөнүн эки жолку чемпиону аталган. Ошондой эле Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси.