Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирустук инфекциясына каршы 11 миң 812 адам эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, 5 миң 763 адамга вакцинанын биринчи дозасы, 6 миң 49 жаранга экинчи бөлүгү сайылды. Өлкө боюнча жалпы 990 миң 734 адам вакцинанын биринчи компонентин, ал эми 764 миң 229 жаран экинчисин алды.