Ордо калаада 51 миң көрүүчүгө ылайыкташтырылган, ФИФАнын бардык стандарттарына жооп берген стадиондун курулушу кызуу жүрүүдө. Учурда миңге жакын куруучу эки нөөмөттө иштеп жатат. Стадион жалпы сегиз блоктон турат. Анын ичинен 7 жана 8-блокторундагы бетон куюу жумуштары 70 пайызга аяктады. 3-блокто темир когнструкциялар орнотулууда. Бул спорттук арена Борбор Азиядагы эң ири стадион болмокчу.
Архитектор Махамад Рахманали уулунун айтымында, стадион ФИФАнын бардык талаптарына толук жооп берет.
«Стадиондо инженердик системалар, гибриддик талаа, футболчулар үчүн кийинип-чечинүүчү жерлер жана пресс-конференция өтө турган жайлар, комментаторлор үчүн инфраструктура толугу менен эске алынган. Ошондой эле ФИФАнын эл аралык оюндары өткөрүлө турган атайын офистер да каралган», — дейт ал.
Стадион боз үйдүн концепциясында курулуп, сырткы көрүнүшү кереге формасында жасалат. Курулуштун жалпы аянты 190 миң чарчы метрди түзүп, анын ичинен стадиондун аянты 85 миң чарчы метр болот. Объекттин бийиктиги 70 метрге жетип, диаметри 280 метрди түзөт. Комплекс ичинде аянты 35 миң чарчы метр болгон соода борбору жайгашат.
Архитектор Махамад Рахманали уулу стадиондо 1800 орундуу унаа токтотуучу жайлар дагы каралганын кошумчалады.
«Трибуна астында 1800 орундуу унаа токтотуучу жай болот. 51 миң көрүүчүнүн ичинен 3 миң орун VIP конокторго арналат. Оюн башталаардан төрт саат мурда киргизүү токтотулат. Чоң стадиондордо деле автоунаа орунунун саны чектелүү болот. Мындан тышкары конок үйлөр дагы каралган»
Азыркы тапта футуристтик-административдик имарат дээрлик даяр болуп, анын айланасына трибуналар тургузулууда. Техникалык инфраструктуранын курулушу да жигердүү жүрүп жатат. Бул ири спорттук арена шаардык инфраструктураны жакшыртып гана тим болбостон, эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзөт.
Белгилей кетсек, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан 2031-жылдагы Азия кубогун биргелешип өткөрүү үчүн Азия футбол конфедерациясына өтүнмө берген. Стадион футболдук беттештерден тышкары, массалык-маданий иш-чараларды да өткөрүүгө ыңгайлуу жайга айланат.