Йемендин аба майданындагы жардыруудан кеминде 12 киши каза болду
Новость www

Йемендин Аден шаарындагы аэропортто болгон теракттан кеминде 12 киши каза болду. Аба майданда жардыргыч заттарга толтурулган унаа жардырылган. 

Бул өлкөдө 2014-жылдан бери өкмөттүк күчтөр менен хуситтердин куралдуу топторунун тирешүүсү токтой элек. Уланып жаткан жаңжал дүйнөдөгү эң чоң гуманитардык каатчылыкты жаратып, ички мигранттардын саны 3 миллиондон ашты. БУУнун маалыматы боюнча, өлкөнүн калкынын 70%ы гуманитардык жардамга муктаж жана ачарчылык коркунучу бар.