Жалпысынан 23 көк бөрүчү эл аралык даражадагы спортчу болушту
Новость www

Үч жолу өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңүүчү болгон өлкөнүн көк бөрүчүлөрүнө эл аралык даражадагы спорт чебери наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди. 

"Кыргызстандын Бирдиктүү спорттук классификациясынын талаптары менен чегин аткаргандыгынын негизинде көк бөрү боюнча "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" деген наамы менен I, II, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрү сыйланат", — деп айтылат билдирүүдө. Жалпысынан 23 оюнчу балбан билек улакчы наамына ээ болду.