1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүшү тууралуу Германиянын архивдеринен табылган документтер борборго алынып келинди.
Тарыхчы Чынара Исраилова Харьехузен, немец окумуштуулары жазып калтырган эмгектерди Берлин архивдеринен тапкан.
Тарыхчылар бул материалдар иликтенсе Үркүндүн жаңы жагдайларын ачыкка алып чыгат деген ойдо.
Бул материалдар 1916-жылы болгон окуяны жаңы өңүттөн кароого көмөк бериши мүмкүн. Көп жылдан бери Германияда жашаган журтташыбыз Чынара Харьехузен Берлиндин архивдерин кыдырып жүрүп, Тышкы иштер министрлигинин архивинен улуттук боштондукка байланыштуу маалыматтарды тапкан. Окумуштуу Үркүн тууралуу документтерди жарым жыл иликтеген.