Бокс боюнча Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 12 мушкер катышат
Новость www

Бокс боюнча Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 12 мушкер катышат. Бул тууралуу өлкөнүн Бокс федерациясы билдирди. Мушкерлер алгачкы ирет 13 салмак категориясы боюнча ат салышмакчы. 

Жалпы байге фонду 2 жарым миллион долларды түзүп, алтын медаль уткан мушкерге 100 миң доллар акчалай сыйлык ыйгарылат. Мелдеш 24-октябрдан 6-ноябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтөт.