ТИМ: Пермдеги курмандыктардын арасында кыргызстандыктар жок
Новость www

Пермдеги курмандыктардын арасында кыргызстандыктар жок, - деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы. 

Россия Федерациясынын Пермь аймагынын компетенттүү органдарынын алдын ала маалыматы боюнча, 2021 -жылдын 20 - сентябрында Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде болгон окуяда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок, - деп жазылган ТИМдин маалыматында.