Бишкектеги жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу имараттан чыккан өрт өчүрүлдү
Новость www
Бишкек шаарынын Асанбай кичи районунда жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу курулуш имаратынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-борбору билдирди. 

Кырсык катталган аймакта өрттү өчүрүү үчүн эки өрт өчүрүүчү бөлүм, автошаты жана ыкчам топ тартылды. 16-сентябрда саат 21:53тө өрт чектөөгө алынып, өрттү өчүрүү үчүн толук аракеттер жүргүзүлгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча өрт каптаган аймакта кооптуу жагдай жок. Курулуп жаткан имараттын 6- кабатындагы бетон куюу үчүн дайындалган жыгач калыптар күйдү. Өрттүн аянты 700 чарчы метр түзүп, саат 00:25 өрт толук өчүрүлдү. Өрттүн себеби такталууда.