«Унаа» мекемесинин директору Тумөнбаев Турусбек кызматынан бошотулду
Новость www

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Тумөнбаев Турусбек Тогузбайевич ээлеген кызматынан бошотулду. «Унаа» мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине карайт.

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.