Турукташтыруу фондун түзүү жөнүндө Жарлыкка кол коюлду
Новость

Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн

камсыз кылуу, кечиктирилгис иш-чараларды каржылоо жана жагымсыз тышкы факторлордун таасиринен экономиканын көз карандылыгын төмөндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине тапшырылат:

—       Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин чыгымдарынын корголгон беренелерин каржылоодогу эки айлык керектөөнү жабууга резервди топтоону камтыган Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү;

—       бул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү.