Улуу Ата Мекендик согуштун жана Ооган согушунун курмандыктарына эскерүү эстелиги ачылды
Новость www

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Чүй облусунун Ак-Башат айылында Улуу Ата Мекендик согуштун жана Ооган согушунун курмандыктарына эскерүү эстелиги ачылды.

Иш-чарага Коргоо министрлигинин, Ооган Ардагерлер коомунун, Жайыл райондук ардагерлер коомунун өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациянын кызматкерлери жана айыл тургундары катышып, согушта курман болгондор эскерилди. Ооган согушуна аскердик милдетин өтөө үчүн Кыргызстандан эчен миңдеген жоокерлер катышкан. Алардын айрымдары өлкөгө кайтып келбей калса, көпчүлүгү майып болуп келишкен.