Ош шаарынын мэри болуп Алмаз Мамбетов шайланды
Новость www

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри болуп шайланды. Анын талапкерлигин Шаардык кеңештин 43 депутаты колдогон. Эки депутат каршы добуш берген. 

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп 2-августта дайындалган. Ал 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеген. Андан кийин 2019-2020-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, 2020-2021-жылы Президенттин иш башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалаган. Кошумчалай кетсек Мамбетов мэрлик кызматка жалгыз талапкер болду.