Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасына катыша турганын билдирди
Новость www

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи учурунда Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасына катыша турганын билдирди. 

Балбан кыз 2024-жылдагы Олимпиада оюндарында алтын медаль алууга болгон күч аракетин жумшай тургандыгын билдирди. Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш медалга жетти. Тыныбекова Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу болуп калды.