Стамбул Жаныбек уулу коло байге үчүн күрөшөт
Новость

Кыргызстандык балбан Стамбул Жаныбек уулу жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшөт. Жаныбек уулу 74 кг салмакта 17-август күнү килем үстүнө чыгып, эки каршылашын жеңип жарым финалга чыккан. 

Жарым финалдык беттеште казакстандык балбандан утулуп, коло медаль үчүн күрөшө турган болду. 3-орун үчүн күрөш бүгүн, 18-август күнү саат 19:00дө болот.