Францияга киргизилген өзгөчө кырдаал 6 айга узартылды. Өлкө президенти Франсуа Олланд Ниццада 14-июлда болгон чабуулду терракт деп атаган.
Өткөн жылдын ноябрь айында киргизилген өзгөчө кырдаал абалын дагы үч айга узартуу тууралуу чечим чыгып, бирок депуттар бул мөөнөттү дагы узартуу керек экенин айтып чыккан. Бийлик өзгөчө кырдаалды 26-июлда токтотууну көздөп жаткан.
Ниццада болгон каргашалуу окуя, акыркы 18 ай ичинде Франция жергесинде болгон үчүнчү кол салуу болуп калды. Анда 84 адам мерт кетти.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118