POST1RIGHTФранциянын Ницца шаарындагы деңиз жээги кайрадан жөө жүргөндөр жана унаалар үчүн ачылды. Мындай чечимди кечээ шаар бийлиги чыгарды. Бирок, бул жерде сейилдөөнү каалагандар көп эмес. Шаар тургундары 3 күн мурда болгон теракттан каза тапкандардын элесине арнап, гүл коюп кетүүдө. Мындан сырткары, окуядан жакындарын жоготкондор үчүн атайын борбор ачылып, моралдык психологиялык жактан жардам көрсөтүүдө.
Эске сала кетсек, Ницца шаарында бейшемби күнү кечинде болгон окуядан 84 адам каза болгон. “Бастилиянын алынган күнү” белгиленип жаткан учурда жүк ташуучу унаанын 31 жаштагы айдоочусу адамдарды көздөй айдап, аларды сүзүп, тебелеп кеткен. Француз бийлиги окуяны теракт деп атаган.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118