Түркия:Төңкөрүш жасоого шектелгендер кармалууда
Новость

Түркияда төңкөрүш жасоого аракет кылган шектүүлөр массалык түрдө кармала баштады. Түркиянын Укук министрлигинин маалыматы боюнча, мамлекеттик төңкөрүш жасоого шектелгендерди кармоо операциясында 6 миңден ашуун аскер жана судьялар кармалды. Дагы бир нече офицерлерге издөө жарыяланган. Анадолу агенттигинин маалыматына ылайык, кечээ эле 426 судья менен прокурор кармалган. POST1RIGHT

Мындай иштер, өлкөнүн бардык провинцияларында жүргүзүлүүдө. Эске сала кетсек, 16-июлга караган түнү Түркияда айрым аскер жетекчилеринин буйругу менен мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, ишке ашкан жок. 

Учурда окуя болгон Анкара менен Стамбулда жашоо акырындап өз нугуна түшүүдө. Түркия бийлиги төңкөрүш аракетине учурда АКШда жашап жаткан Фетхуллах Гүленди айыптоодо. 

Бирок ал мындай айып негизсиз экенин айтууда. Ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүштө каза тапкандардын саны 300гө жакындады. Жараат алгандар 1400дүн тегерегинде. Өлгөндөрдүн 100дөн ашууну козголоңчулар.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118