POST1RIGHTФранцияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Франциянын Ницца шаарында кол салуудан каза тапкандардын саны 80ден ашты. Дагы жүздөн ашык киши жарадар, алардын жарымы оор абалда. Эске салсак, окуя он миңдеген кишилер фейерверк атылган майрамдык салтанатты көрүп жаткан учурда болгон.
Тагыраагы, “Бастилия алынган күнү” белгиленип жатканда оор жүк тарткан унаа топтолуп турган адамдарды көздөй катуу ылдамдыкта сүзүп кирип, 2 чакырым аралыкка чейин катарлата тебелеп кеткен.
Андан соң айдоочу адамдарга туш келди ок аткан. Полиция менен атышуу учурунда жок кылынган жанкечти 31 жаштагы тунистик француз экендиги айтылууда. Жабыркагандардын арасында Кыргызстандактар жок экенин тышкы иштер министрлиги билдирүүдө.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118