"Эгемендиктин жолунда" аттуу жалгыз китептин автору, профессор Үсөналы Чотонов
Новость

Кыргыз тарыхын кагазга түшүрүп, алгачкылардан болуп китеп кылып чыгарган окумуштуу Үсөналы Чотоновдун ысымы жамы журтка, жалпы китеп окурмандарына жакшы тааныш. Ал кыргыз элинин тарыхы менен кошо өз алдынча мамлекет болуп, өз тизгинин өз колуна алган күндөн тартып, оош-кыйыш кезеңдерди баштан өткөргөн. Не бир күндөрдү тизмектеп, баян кылып жазган китептерин, мектеп курагындагы балдардан тартып, студенттерге чейин окуп келет.

Окумуштуунун көп китеп окугандан тапкан пайдасы - анын улуу эмгектери болду. Мындан 25 жыл мурда, жаңыдан өз алдынча мамлекет болуп эгемендикке умтулган кезде, “Кыргызстандын эң байыркы мезгилдерден 19-кылымдын соңуна чейинки тарыхы” аттуу китепти жазып, тарых сабагы жогорку окуу жайларга киргизилген.

Алгачкы кыргыз тарыхын жазгандан кийин, 1999-жылы экинчи “Кыргыз тарыхы 20-кылым” жана мектептер үчүн “1985-1998-жылдардагы Кыргызстандын жаңы тарыхы” - деген китебинен башка 2003-жылга чейин бир дагы китеп жарык көргөн эмес. Маңдай терин короткон сансыз эмгектери үчүн милдет кылбай, жасаганым эл үчүн, жаштар үчүн деп жашап келгендерден.

“Китепканада отурсам бир саатка жетип жетпей, 10-15ке жакын студент келип менин китебимди сурап, “Чотоновдун китеби барбы, Чотоновдун китеби барбы?” сурап келгенде, мен ошондо такыр башкача сезим да.. Демек, жасаш керек экен, иштеш керек экен дедим да. Мени бир аз...кандай десем...мени бушайман кылат да. Өз оюмду бир жерге токтото албай калам да, ошолорду эстегенде. Биринчиден китеп окугандар аз болуп жатат, анан ойлонгондор аз болуп баратат. Алдына эч ким максат койбой калды. Көрөбүз дешет бары эле, бу көрөбүз деген такыр болбойт”, - дейт Тарых илимдеринин доктору, профессор Үсөналы Чотонов.

Бирок, кээде ошол өсүп келе жаткан муун тарабынан, эмгек жумшап, элим үчүн деп жазган эмгектер бааланбай калып жаткан учурларды үшкүрүк менен айтып өттү.

Тарыхчыны дагы бир ойго салган нерсе, тарых сабагы жогорку окуу жайларда алгач жылына 136 саат окутулса, азыр кыскарып отуруп 32 саат лекция, 32 саат семинар деп, 64 саат гана окутулуп калганы.

Совет мезгилинде изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен чыккан 5 томдуктан башка, 25 жылда көзгө көрүнөрлүк эч нерсе жазылбаганы да, ойлонторлук маселе экенин айтта.

Мына ушул күнгө чейин өзүбүздүн тарыхыбызды өзүбүз тактай албай жатабыз. Мына казактар акыркы эле он жылда Кытайга 3 жолу барып, архивин казып, укмуштай сонун маалыматтарды алып келишти. Казакстандын окумуштуулары айтып атпайбы, барбайсыңарбы, албайсыңарбы, толуп атат, аяба көп экен. Биз өзүбүзгө тиешелүү гана маалыматтарды алдык деп атат. А бизде 25 жылдын ичинде, бир дагы кыргыз барып тарых чогулта элек”, - деп кошумчалады Үсөналы Чотонов.

74 жашка келсе да, жасалган эмгекти акыры эл эскерет деп, ийне менен кудук казуудан тажабай, изденип келгени келген. "Эгемендиктин жолунда" аттуу жалгыз китептин автору минтип, 2009-жылы "Атамекендин тарыхы" деп жогорку окуу жайларга деп чыгарган китебин, эс албастан толуктап жазып жаткан кези.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118