Франциянын Ницца шаарында кечээ кечинде болгон кол салуудан каза тапкандардын саны 80 кишиге жетти. “Бул трагедиядан 80 киши көз жумду, 18 оор абалда , көбү жарадар” - деди өлкөнүн ички иштер министри Бернер Казнев.
Президент Олланд бул окуяны террордук кол салуу деп атады. Кол салуу он миңдеген кишилер фейерверк атылган майрамдык салтанатты көрүп жаткан учурда болгон. POST1RIGHT
Тагыраагы, “Бастилия алынган күнү” белгиленип жаткан учурда оор жүк тарткан унаа топтолуп турган адамдарды көздөй катуу ылдамдыкта сүзүп кирип, 2 чакырым аралыкка чейин катарлата тебелеп кеткен. Андан соң айдоочу адамдарга туш келди ок аткан. Кийинчерээк ал жанкечти тартип сакчылары аткан октон өлдү.
Полиция унаада куралдар болгонун аныктады. Ниццанын мэри Кристиан Эстрози бул окуяны шаардын тарыхындагы эң кайгылуу күн катары атап, бүгүн өлкөдөгү мамлекеттик туулар түшүрүлүп, аза күтүлөөрүн кабарлады.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118