Түштүк Суданда кайрадан жанжал ырбады
Новость internet

Түштүк Суданда кайрадан согуш аракеттери башталды. АКШ өз жарандарынын коопсуздугун сактоо максатында Судандын борбор калаасы Джубадан жарандарын чыгарып кетти. 

Маалыматтар боюнча 270тен ашык адам набыт болгон. Чыр-чатак президент Салву Киир менен вице-президент Риека Мачардын тарапташтары ортосундагы келишпестиктен улам чыгууда. 

Жаңжал эки лидердин 8-июлдагы ынтымакка келүү максатында жолугушуусунун алдында башталган. Борбордук Африкадагы нефть чыккан Туштүк Судан бир нече жылдан бери согуш талаасына айланып келет. 

Африка өлкөсү бир нече жыл арабдардын колониясы алдында жашап, андан соң англиялыктар басып алган. Түштүк Судан Түндүк Судандан бөлүнүп, эгемендүүлүккө жетүүнү эңсеп, 2003-2004-жылдары 22 жылдык согуш токтогон. 

Бирок кийинчерээк кайра жанданган. Учурда абал кооптуу экенин БУУнун алдындагы АКШ өкүлү Саманти Пауер маалымдады.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118

Элдик Репортер КТРК: присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное - отправляйте нам! WhatsApp +996551748118