Италиядагы поезд кагылышынан 22 адам каза болду
Новость mk.ru

Италиянын түштүгүндөгү Адриатика деңизинин жээгинде жайгашкан Бари шаарына жакын жерде 12-июлда жүргүнчү ташыган эки поезд кагылышкан. Набыт болгон 22 адамдан тышкары, 50гө жакын киши жаракат алып ооруканада жатат. Жарадар болгондордун арасынан оор жаракат алган машинисттин бирөө табылган. Ал эми экинчиси кырсык болгон жерде жан берген. 

Кырсыкка учураган эки поезд тең жеке компанияга таандык. Жабыркагандардын арасында балдар да бар. Кырсыктын себептери азырынча тактала элек. Италиянын премьр-министри Маттео Ренци окуядан улам Миландагы сапарын чукул токтотуп, Римге кайтып келди. Негизи кырсык болгон темир жол каттамында күнүнө 200дөй поезд жүрөт.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118