Baltic International Bank 1,2 млн. доллар айыпка жыгылды
Новость www

 Максим Бакиевдин өнөктөшү Валерий Белоконго тиешелүү Латвиялык Baltic International Bank ушул жылдын март айында терроризмди каржылаганы үчүн 1 миллион 200 миң долларга айыпка жыгылды. Бул тууралуу Би-Би-Си маалымдады.

 POST1RIGHT Ушул жылдын май айында Латвиянын телеканалдары - Латвиянын экономикалык полициясы банкта тинтүү иштерин жүргүзгөнүн кабарлаган болчу. 1993-жылы негизделген Baltic International Bankынын негизги акционерлери Валерий жана Вилорий Белоконьдор.

Белгилей кетсек, Белоконь учурунда Кыргызстандагы “Манас Банкына” да ээлик кылган. Мындан тышкары, Белоконь менен Максим Бакиев англиялык Блэкпул футболдук клубуна кожоюндук кылганы да белгилүү. Бирок аталган клуб алардын каржылоосунан баш тартып чыккан.