MEDIA1RIGHTПерудагы Ма́чу-Пи́кчу шаарында аска бетине чегилген байыркы жазуулар табылды. Бул жазууларды буга чейин атайын адистер көргөн эмес. Окумуштуулардын айтымында, мында табылган сүрөттөрдө адам менен жаныбардын сөлөкөтү түшүрүлүп, кара боек менен боелгон. Ма́чу-Пи́кчу шаары укмуштуу чеберлердин колунан жаралган.
Андагы курулуштун кантип ишке ашканы ушул күнгө чейин белгисиз. 2011-жылы Перу бийлиги туристтердин санын кыскартуу боюнча чечим чыгарган. Чечим археологиялык эстеликтерди коргоо максатында ишке ашырылган.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118