104.1 жыштыгындагы “Достук” радиосунун "Биз кыргызча сүйлөйбүз" программасын түз эфирдеги меймандары: Джейкоб Двайер кыргызча ысымы Жоки, Америка мамлекетинин Калифорния штатынын Санта-Барбара шаарынан келген. Учурда Нарын областынын Кочкор районунун Калыгул Бай уулу мектебинин англис тили мугалими болуп эмгектенет.
Томас Робертс, кыргызча ысымы Темирхан, Америка мамлекетинин Нью-Джерси штатынын Принстон шаарынан келген. Бүгүнкү күндө Нарын областынын, Кочкор районунун Төлөк айылындагы Соң-Көл орто мектебинин англис тили мугалими.