Мыкты окуган мектеп бүтүрүүчүлөрү сыйланды
Новость ktrk/vodeograp

Кыргызстанга билимдүү, сабаттуу, заман талаптарына жооп бере турган адамдар керек. Бул тууралуу Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн жалпы республикалык тесттен эң жогорку упай алган мектеп бүтүрүүчүлөрүн куттуктап жатып билдирди. 

Өлкө башчынын айтымында, Кыргызстанда эркин адамдардын жаңы мууну өсүп, билимдүү жаштардын катары калыңдап жатат. Мына ошолор өлкөнү дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердин катарына алып чыгат.


“Мамлекетибиз билимдүү адамдарга таянат. Кыргызстан бюджетинин 20 пайызынан ашыгын билим берүүгө сарптайт. Билимге салынган инвестициянын кайтарымы чоң, ошондуктан биз туура жолдобуз”,- деди президент Алмазбек Атамбаев. 

POST1RIGHT Иш чарада президент өлкө мектептеринин 55 мыкты бүтүрүүчүсүнө мактоо баракчаларын, бир жолу берилүүчү 10 миң сом өлчөмүндөгү стипендия жана башка баалуу белектерди тапшырды. Мындай белектер республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган аймактардагы мектептердин 14 бүтүрүүчүсүнө да тапшырылды. 

Өз сөзүндө мамлекет башчы бүтүрүүчүлөргө чың ден соолук, бакыт-таалай, максатына жетүү үчүн өжөрлүктү жана ийгиликтерди каалады.