Түркиядагы жардыруудан 41 киши каза тапты
Новость

Түркиянын Стамбул шаарындагы аэропортто болгон үч жолку жардыруудан 41 киши каза тапты. Алар негизинен Түркиянын, Украинанын, Сауд Арабиянын, Ирандын жана Өзбекстандын жарандары экени айтылууда. 150дөй адам ар кандай жаракат алды. Алар аймакка жакын ооруканаларга жеткирилип, керектүү медициналык жардамдар берилүүдө.

Стамбулдагы жардырууну видеого тартып үлгүргөндөр болду. Ага ылайык, окуя эл аралык каттамдар терминалында болгон. Чабуулду жанкечтилер жасаган. Бирок алардын канча адам болгону азыркыга чейин белгисиз. Аба майдандын аймагында үч террористтин сөөгү табылды. Алар алгач адамдарга ок чыгарып, андан соң өздөрүн жардырып жиберген. Территорияга кантип киргени азырынча аныктала элек.

“Мен чемодандарды жылдырып жатып эле бир нерсенин жарылганын уктум. Полиция кызматкерлери баарыбызга жерге жатууну буйруду. Террористтердин жана полиция кызматкерлеринин атышуусунан бизди багажды таңгактоочу жабдык сактап калды. Андан кийин жарылуу көзөмөлдөөчү бөлүмгө жетти. Ал жердегилердин баары каза болду”, - дейт окуянын күбөсү.

POST1RIGHT Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым билдиргендей, жардыруунун артында “Ислам мамлекети” турат. Чабуулду март айында Брюсселде болгон окуя менен сыпаттап жатышат.

Белгилүү болгондой, дүйнөдөгү ири аба майдандардын бири болгон эл аралык Ата-Түрк аэропорту өз ишин жандантты. Жардыруудан кийин ал бир нече убакытка жабылган болчу. 

Стамбулдун көчөлөрүнөн адамдардын коркуп калган жүзүн көрүүгө болот. Стамбулда азыр коопсуздук чаралары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.