Фаллуджа шаары террорчулардан бошотулду
Новость

Ирактын өкмөтү Фаллуджа шаары террорчулардан толугу менен бошотулганын жарыялады. Премьер-министр Хайдер аль-Абади калаа тургундарын майрамдоого чакырды. 

Фаллуджаны ирак армиясы 2014-жылы 10-июнда каршылыксыз эле террорчуларга таштап кеткен. 

Бир айдан ашуун убакыттан берки бошотуу операциясы ишке ашып, калаанын борбордук бөлүгүндө өлкө байрагын көтөрүү аземине премьер-министр өзү келип катышты. Фаллуджада согуш болгонго чейин 90 миңдей киши жашаса, ок атышуулардан улам алардын 68 миңи калааны таштап кетишкен. 

Хайдер аль-Абади эми ДАЕШ көзөмөлдөп турган Мосул шаары да бошотуларын белгиледи.