Аймактагы мектептер сапаттуу тамак менен камсыз болбой жатат
Новость

Алыскы аймактагы мектептин кенже курактагы окууучулары сапаттуу тамак-аш менен камсыз болбой жатышат. Ага мамлекеттик сатып алууларга жергиликтүү компаниялардын катыша албай калып жатышы себеп. Жылына республикалдык бюджеттен мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылуу үчүн  400 миллион сом бөлүнөт. Каражатты сарамжалдуу пайдаланып, балдарга сапаттуу тамак берүүгө керектиги, мындай сунуш ЖКнын жыйынында айтылды.

Маалыматтарга караганда   республикалык бюджеттен  кенже курактагы мектеп окуучуларынын тамактануусу үчүн 2015- 2016- окуу жылы үчүн  үчүн   ар бир балага 7 сом, тоолуу  аймактарда  10 сом, ал эми борбор калаа мектептери үчүн шаар бюджетинен кошумча каржылоодон кийин 14 сом белгиленген. Бирок  айрым мектептерде ысык тамак  уюуштрулбай жатканы коомчулукка белгилүү ага башкы себеп, мектептерге таза суу түтүгүнүн киргизилбегендиги.

Н. Молдокулова, "Биринчи радио"