Саякатчылар суктандырып, сулуулуктун шаары болгон Парижди суу каптады. Ташкындаган суу айланы кетиргендиктен шаардагы 3 миңден ашык тургундар башка коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Эксперттер билдиргендей, жашоочулар мынчалык көп сууну дарыялардан жылда эле көрүшчү, бирок ал кышкы айларда гана болчу. Жай мезгилиндеги мындай көрүнүш - сейрек кездешүүчү окуя болуп жатат.
Полициянын маалыматы боюнча, жалпысынан өлкөдө 5,5 миңден ашык жаран коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Сена дарыясында суунун денгээли бир топ көтөрүлгөндүктөн Париждин өзүндө суу каптоо коркунучу боюнча эскертүү берилди. Улуттук метеобюронун маалыматына караганда, акыркы 150 жыл аралыгында Францияда май айында мынчалык денгээлдеги жаан-чачын болгон эмес экен. Маалыматтар боюнча, жамгыр дем алыш күндөрүнө чейин басылчудай эмес.